Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Эл аралык байкоочулар
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жиберген чакыруу болгондо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет. Чакырууларды жөнөтүү жөнүндө сунуштарды шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредиттеле алышпайт.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелген күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
3. Эл аралык байкоочулар эркин ары-бери жүрүүгө жана бардык шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарында болууга укуктуу.
4. Эл аралык байкоочулар төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;
2) пресс-конференцияларды өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;
3) шайлоочулардын добуштарынын жашыруундулугун бузбастан фото- жана көрмөтартууларды, үн жазууну жүзөгө ашырууга;
4) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;
5) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоо жүргүзүүгө;
6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашырууга;
7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашырууга;
8) шайлоону маалыматтык камсыз кылынышына байкоо жүргүзүүгө.
5. Эл аралык байкоочулар өзүнүн статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы алар ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда эл аралык байкоочунун аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.
7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
02.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети (мындан ары - Президент, Жогорку Кеңеш, алынып салынды: Өкмөт), кошулду: Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жиберген чакыруу … жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
кошулду: Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредиттеле алышпайт.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал Борбордук … Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
кошулду: (КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-марты № 92 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.03.2021 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.04.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 52 "Эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2023 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-январындагы № 13 "2018-жылдын 28-январында дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.01.2018 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 25-январындагы № 17 "2018-жылдын 28-январында дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.01.2018 · № 17
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-ноябрындагы № 138 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 12.11.2012 · № 138
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 19-ноябрындагы № 139 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 19.11.2012 · № 139
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 144 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 22.11.2012 · № 144
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 107 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 04.05.2017 · № 107
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 184 "2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.11.2024 · № 184
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 3-ноябрындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана…Постановление · 03.11.2012 · № 136 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-8" title="8-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>