# 62-берене. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 62-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-62

---

1. Тиешелүү аймактын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда биринчи абзацта көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

3. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

4. Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болгондо мурда катталган талапкер шайланган болуп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.

5. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактагы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден айылдык кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздары алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарга тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлангандыгы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-63)
