# 61-берене. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 61-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-61

---

1. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, ошондой эле саясий партиялар талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамдын 15-беренесинде белгиленген тартипте шайлоо кампаниясын финансылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин өз каражаттарынын, алар эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес. (КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 , 2016-жылдын 21-январындагы N 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-62)
