# 60-берене. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 12.10.2011 [Закон КР от 12 октября 2011 года № 170 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 60-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-60

---

1. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын (мажоритардык система боюнча саясий партия тарабынан талапкер көрсөтүлгөн учурда) аталышын көрсөтүү менен саясий партиянын талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;

2) өзү жөнүндө маалыматтары (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы;

3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн;

4) (КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) документтер:

- башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө;

- (абзац КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ушуга байланыштуу өз алдынча өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды жазууга, ушул Мыйзамда каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок талапкер көрсөтүлгөн учурда, ошол адам башка адамдын жардамын колдонууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөткөн адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан ырасталууга тийиш же болбосо жетекчинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүргүзүлөт. Мында шайлоо комиссиясы документтерде талапкерлерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган толук эместиктерди жана (же) ылайык келбестиктерди тапса, шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 48 сааттын ичинде бул ылайык келбестиктер жөнүндө талапкерге кабарлоого милдеттүү. Талапкер маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.

4. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин баяндалган аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

5. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер тарабынан каттоо үчүн анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин кандай гана баскычы болбосун каттоону жокко чыгарууга алып келет.

51. Талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерди каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ошол шайлоодо талапкердин башка шайлоо округунда катталгандыгынын фактысынын бардыгы;

4) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандуулугу же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.

6. Талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берген күнгө чейин 20 календардык күн калганда бүтөт.

8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялайт.

9. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге аны каттоонун датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы № 170 , 2016-жылдын 21-январындагы N 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [591-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-591)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-61)
