# 6-берене. Шайлоо процессиндеги айкындык

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 6-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-6

---

1. Шайлоо комиссияларынын иши айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына төмөнкүлөр катышууга укуктуу:

1) жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

2) талапкерлер;

3) талапкерлердин өкүлдөрү;

4) (КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү;

6) байкоочулар, коомдук байкоочулар, эл аралык байкоочулар;

7) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

3. Төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын өткөрүп берүү аркылуу добуш берүүнүн жүрүшүнө жана натыйжаларына байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтык шайлоо системасы пайдаланылат. Маалыматтык шайлоо системасы аркылуу добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө алынган маалыматтар юридикалык мааниге ээ болбогон алдын алма маалымат болуп саналат. Маалыматтык шайлоо системасын пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-7)
