# 52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 17.02.2015 [Закон КР от 17 февраля 2015 года № 34 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205455); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061); 14.02.2013 [Закон КР от 14 февраля 2013 года № 16 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 52-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-52

---

1. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен төмөнкүлөргө өткөрүлүп берилет:

1) тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге;

2) (КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) пропорциялуу система боюнча шайлоодо талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган талапкердин (талапкерлердин) каршылыгы жок болгондо, саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса, саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге.

11. Пропорциялуу система боюнча шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты кийинки катталган талапкерге берилет:

1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда аял жынысындагы талапкерлердин арасынан;

2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда эркек жынысындагы талапкерлердин арасынан.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы адамдардын талапкерлери жок болгон учурда, депутаттын мандаты ошол эле тизмедеги талапкерге кезек боюнча берилет.

12. Мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга мандат берилет. Эгерде талапкер аялдар калбай калса, мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт.

2. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызы берилгенде;

11) депутатта арызды жеке өзү берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу адам тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө депутаттын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызын берет;

2) ушул Мыйзам менен каралган кызмат орундарын айкалыштыруу мүмкүн эмес болгон жагдай келип чыкканда;

3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, же болбосо башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбогондо;

4) жарандыктан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо, башка жарандыгы бар болгон факты табылганда же болбосо башка жарандыкты алганда;

5) депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алуу фактылары табылганда (шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу же шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу);

6) соттун чечими боюнча депутат аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

7) депутатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;

8) депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегенде;

9) депутат каза болгондо же аны дайынсыз жоголду же өлдү деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10) кеңеш таркатылганда;

11) жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо учурунда пассивдүү шайлоо укугу жоктугунун факты белгиленгенде.

3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.

(КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 16, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2016-жылдын 21-январындагы № 8 , 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-53)
