# 51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 51-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-51

---

1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилгенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет.

Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлүүгө, талапкер жеке өзү берүүгө тийиш. Талапкердин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жеке өзү берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкердин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын берет. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу. Аталган арыз талапкердин жеке өзү тарабынан жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызын жеке өзү берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын берет.

Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин арызына жана саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын тиешелүү чечимдерине ылайык, шайланган талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын чечимдери саясий партиянын уставында белгиленген тартипте кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-52)
