# 50-берене. Шайлоо күрөөсү

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 50-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-50

---

1. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз эсе өлчөмүндө;

2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн эки жүз эсе өлчөмүндө;

3) (КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:

1) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;

2) эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) (КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө тийиш. Саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн келип түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайра кайтарылган шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.

3. Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда, саясий партия тарабынан төгүлгөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилүүгө тийиш.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-51)
