# 5-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 5-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-5

---

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөндөгүлөр жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);

2) аймактык шайлоо комиссиялары: шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек, Ош жана башка шаардык, райондук шайлоо комиссиялары - Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).

2. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишинин уюштурулушу жана тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери шайлоо комиссияларынын ишинин тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-6)
