# 44-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 44-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-44

---

1. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын. талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат.

2. Талапкерди каттоо төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;

7) талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда.

3. Талапкерлердин тизмесин каттоо төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;

6) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда.

4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкердин пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтар, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экендиги, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендиги, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же жарандыгын жоготкондугу, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы, талап кылынган билим деңгээлинин жоктугу же болбосо билими жөнүндө так эмес маалымат бергендиги жөнүндө маалыматтар ырасталса, ошондой эле ал каза болгон учурда, анда шайланган талапкерди каттоо жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинде белгиленген тартипте кийинки талапкерге берилет.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялык система боюнча шайлоодо бул учурда ушул Мыйзамдын 52-беренесинде талаптарын эске алуу менен ошол саясий партиядан талапкерлердин тизмесинен кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.

(КР2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-45)
