# 42-берене. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 42-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-42

---

1. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрылышы мүмкүн.

3. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.

5. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.

6. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими биротоло болуп саналат жана даттанылууга жатпайт.

8. Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.

9. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү - токтоосуз каралууга жатат.

Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөр менен ырасталган чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат.

10. Арыздарды (даттанууларды) кабыл алуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимге арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин даттанган учурда чечим чыккан учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет. Аракетсиздикти даттануу учурунда арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине даттанган учурда аракет жасалууга тийиш болгон мөөнөт аяктаган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет.

11. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алат.

12. Арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамдуу эмес деп табат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу болуп саналарын белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.

13. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөтүнүн өтүшү чечим кабыл алынган күндөн, аракет (аракетсиздик) жасалган күндөн кийинки күнү башталат.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-43)
