# 41-берене. Шайлоо эркиндигин камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын иши

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 41-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-41

---

1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.

2. Добуш берүү күнү жана андан мурунку күнү соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнөн мурдагы күн жумушчу күн болуп саналат.

3. Ички иштер органдары шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссиялары талап кылган, ошондой эле коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча добуш берүү үчүн жайда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) прокуратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

Мында ички иштер органдары жарандардын коомдук тартипти бузууга тиешелүү болгон арыздарын жана даттанууларын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликти караган аракеттерди карайт. Прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын сакталышына, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жоопкерчиликти караган аракеттерге жалпы көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарды маалымдоо болуп саналат. Ыкчам чара көрүү координациялык топтун ишинин тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

5. Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

6. Шайлоочуларынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан баштап 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшкөндө - токтоосуз каралууга тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн прокуратура органдары, ички иштер органдары тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.

7. Арыздарды (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-42)
