# 40-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жарыялоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 40-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-40

---

1. Шайлоо комиссиясынын иши жайылтылган ар бир шайлоо участогу, аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжалары тиешелүү шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө шайлоочуларга, талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн алардын талабы боюнча берилет.

2. Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары юридикалык мааниге ээ болбогон алдын-ала маалыматтар болуп саналат.

3. Тиешелүү шайлоо комиссиялары шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары бекитилгенден кийин 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.

4. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле ар бир талапкерлер, талапкерлердин тизмеси алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлерге, талапкердин бардык тизмелерине каршы берилген добуштардын саны жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоо шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-41)
