# 39-берене. Кайталап шайлоо

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 39-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-39

---

1. Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса кайталап шайлоо дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан шайлоолор болбой калган, жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөтү ушул Мыйзам жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актылары менен каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

2. Шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер, саясий партиялар кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышы үчүн негиз болсо, кайталап шайлоолорго катышкан жана кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-40)
