# 38-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 38-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-38

---

1. Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун жана ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн протоколдун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.

2. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы протокол түзөт, ага шайлоонун натыйжалары алардын негизинде аныкталуучу келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган (участкалык) шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары боюнча жыйынды таблица киргизилет.

3. Шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоо бюллетендерин алуу жөнүндө шайлоочулардын койгон колунун саны боюнча аныкталат.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн ящиктерден алынган белгиленген түрдөгү шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.

4. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп табат:

1) эгерде башка талапкерге караганда добуштардын көпчүлүк санын алган талапкер үчүн шайлоочулардын берген добуштарынын саны бардык талапкерлерге каршы берилген шайлоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда шайлоо кайталап жүргүзүлөт;

2) (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) эгерде башка талапкерлердин тизмесине караганда добуштардын көпчүлүк санын алган талапкерлердин тизмесине берген шайлоочулардын добуштарынын саны талапкерлердин бардык тизмесине каршы шайлоочулардын берген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда шайлоо кайталап жүргүзүлөт.

5. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) (КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда добуш шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Шайлоо участогунда шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизген добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө ошол шайлоо участогунда кайра добуш берүү жүргүзүлөт.

51. Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, аймактык шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу. Мында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары бузуунун оордук даражасына, бузуу жасалган аймакка жараша участоктун/участоктордун чегинде же жалпы эле округ боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда, талапкерге, саясий партияга берилген шайлоочулардын добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыздарга кошуу менен жараксыз деп табылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого киргизилбейт. Мында талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөөнүн максаттары үчүн алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эске алынбайт.

6. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

7. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;

2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жараксыз деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.

(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-39)
