# 37-берене. Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 37-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-37

---

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 17-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо документтери менен бирге аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин акт боюнча аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берилет, ал тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

2. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун кабыл алуу жана жыйынтыктарын чыгаруу Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жазылат, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары жөнүндө протокол түзүлөт. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналышты өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет.

3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шайлоо комиссиялары тарабынан эки нускада түзүлөт жана аларга шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол коет. Протоколго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

4. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.

Протоколдун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге кайтарылуучу жайда алар архивге берилгенге чейин аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан сакталат.

5. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

6. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбөөлөр табылганда же участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына күмөн саноо пайда болгондо аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайтадан эсептөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, анда "Добуштарды кайталап эсептөө" деген белги коюлат. Протокол Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.

7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөдө катышып отурган ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) токтоосуз берүүгө милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-38)
