# 321-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 321-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-321

---

1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоону дайындоодо кабыл алынат.

2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүндүгү болбогон жана аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыздоо үчүн багытталган.

3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана шайлоочулардын өз эрк-ниетин билдирүүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү камсыз кылынат.

4. Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу биометриялык идентификациядан өтүү менен же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу авторлоштуруудан өтүү менен, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына аралыктан, электрондук формада добуш берүү ниети жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочу электрондук добуш берүү форматы боюнча гана добуш берүүгө укуктуу.

5. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

(КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-32)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-33)
