321-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоону дайындоодо кабыл алынат.
2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүндүгү болбогон жана аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыздоо үчүн багытталган.
3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана шайлоочулардын өз эрк-ниетин билдирүүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү камсыз кылынат.
4. Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу биометриялык идентификациядан өтүү менен же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу авторлоштуруудан өтүү менен, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына аралыктан, электрондук формада добуш берүү ниети жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочу электрондук добуш берүү форматы боюнча гана добуш берүүгө укуктуу.
5. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
321-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
02.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Аралыктан, электрондук добуш берүү 1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоону дайындоодо кабыл алынат. 2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүндүгү болбогон жана аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыздоо үчүн багытталган. 3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана шайлоочулардын өз эрк-ниетин билдирүүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. 4. Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу биометриялык идентификациядан өтүү менен же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу авторлоштуруудан өтүү менен, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына аралыктан, электрондук формада добуш берүү ниети жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Аралыктан, электрондук добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген шайлоочу электрондук добуш берүү форматы боюнча гана добуш берүүгө укуктуу. 5. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. (КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-321" title="321-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>