# 28-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 28-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-28

---

1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана кетирилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алат.

2. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарына; согушту пропагандалоого; жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен эл алдында иш-чараларды өткөрүүгө, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат.

Ибадат кылуу имараттарынын, курулмалардын жана аларга тиешелүү аймактардын, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттердин, электр станцияларынын, темир жолдордун, мунай/газ өткөргүчтөрдүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларынын, жана инфратүзүмдүк башка объекттердин, пенитенциардык системанын объекттеринин, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана аларга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө үгүт материалдарында диний тематикадан түз жана кыйыр өздөштүрүлгөн сөздөрдү же шилтемелерди камтыган маалыматтын бөлүктөрү менен элементтерин (сүрөттөрүн) чагылдырууга жана башкача колдонууга жол берилбейт.

3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.

Талапкер, саясий партия менен аткаруучунун ортосунда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнүүчү эмгек келишимдеринин алкагында аткарылган ишке акы төлөө сатып алуу деп эсептелбейт.

4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттар, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө мезгилдүү басылмаларда - кийинки санында, интернет-басылмаларда - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күнү, телекөрсөтүү же радио аркылуу - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки күндөгү чыгарылышында төгүндөө же түшүндүрмө берилип жаткан маалымат басылган ошол эле тилкеде, ошол электрондук аянтта жана ошол эле шрифт менен берилет. Төгүндөөнү же башка түшүндүрмөнү жарыялоо үчүн талапкерге, саясий партияга алгачкы маалымат жарыяланган сутканын убактысында эфирдик убакыт берилүүгө тийиш жана анын көлөмү алгачкы маалыматты баяндоого берилген эфирдик убакыттын көлөмүнөн аз, бирок эки минутадан кем болбоого тийиш.

6. Катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үгүт үчүн берилген телеберүүнү жүргүзгөн уюмдардын каналдарында аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген эфирдик убакытты, басылма продукцияларды, аянттарды төмөнкү максаттарда колдонууга укугу жок:

1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;

2) бул же тигил талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси шайланган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерди сүрөттөөгө;

3) кайсы-бир талапкер (кайсы-бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия жөнүндө маалыматтар терс баяндамалар менен ачык эле басымдуулук кылган маалыматты таратууга;

4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон маалыматты таратууга.

7. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдындагы үгүттүн мөөнөтү бүткөнгө чейин талапкердин, саясий партиянын кадыр-баркына зыян келтирген маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда алардын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк бербөө ошол жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын аккредитациясынан ажыратуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде талапкерлердин аты-жөнүн же сүрөтүн пайдалануу менен коммерциялык жана шайлоо менен байланышпаган башка ишмердүүлүктүн жарнагын, ошондой эле талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын аталышын, эмблемаларын жана башка символикаларын пайдалануу менен жарнаманы төлөө тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт. Добуш берүү күнү жана добуш берүү күнүнөн мурунку күнү мындай жарнамага, анын ичинде шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн жарнамага жол берилбейт.

8. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга милдеттүү.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

9. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана жол берилеген бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партиялар ушул Мыйзамдын 22-27-беренелеринде, ошондой эле ушул берене менен белгиленген талаптарды бузган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул Мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (акты) менен ырасталган ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы, же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Жалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын таркаткан жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен басма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын тараткан учурда, ошондой эле ушул Мыйзам менен белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, тармактык басылманын редакциясы бузган учурда, шайлоо комиссиялары укук коргоо органдарына, сотко, жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде электрондук жана массалык коммуникациялар, маалыматтык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин органына укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу, мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жана телерадиоберүү уюмун, мезгилдүү басылманын редакциясын, тармактык басылманын редакциясын, алардын кызмат адамдарын, ошондой эле башка адамдарды мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен кайрылууга милдеттүү.

10. Укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу, жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссияларына, референдумдун комиссияларына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-29)
