# 27-берене. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 27-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-27

---

1. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратып баштаганга чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү.

2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, атын, атасынын атын), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле табыштамага акы төлөгөн талапкердин же талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга мындай материалдарды жайгаштыруу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.

Мындай үгүт материалдарды жайгаштыруу үчүн орундар шайлоочулардын келип-кетүүсүнө ыңгайлуу болушу керек жана шайлоочулар аларда жайгаштырылган маалыматтар менен тааныша алгыдай жайгашууга тийиш. Катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерине шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянттар берилүүгө тийиш. Бөлүнгөн орундардын аянты аларда шайлоо комиссияларынын маалыматтык материалдарын жана талапкерлердин шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу. 3-1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарды бузуу менен даярдалган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.

4. Көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, аларга кире берген жерлерге жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл бадалдарды, дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде шайлоо округунун аймагын үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

6. Жасалма түрдөгү жалган үгүт материалдарын таркатуу же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратуу жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы андай ишке бөгөт коюу үчүн чара көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуш менен тиешелүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

7. (КР 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, бузгандыгы же керектен чыгаргандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

9. Басылма үгүттөө материалдары жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге көрсөтүлгөн объекттердин менчик ээлеринин макулдугу менен жана шарттарында гана илинсе (чапталса, жайгаштырылса) болот.

(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-28)
