# 26-берене. Жапырт иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүт

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 26-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-26

---

1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, жапырт иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

2. Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө талапкерлердин, саясий партиялардын арыздары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

Шайлоочулар менен жолугушуулар үчүн талапкерге, саясий партияга жайларды бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндө чечим берүүгө милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн жай жапырт иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын бирине берилсе, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-27)
