# 25-берене. Жалпыга маалымдоонун басылма каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=969998..969999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 25-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-25

---

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды албаганда, ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонушуна туш келген жалпыга маалымдоонун мезгилдүү басылма каражаттары талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар тарабынан берилүүчү материалдар үчүн А4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдөгү акысыз басылма аянттарды тең шарттарда бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта кандай гана түрдөгү болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.

2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-26)
