# 21-берене. Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 21-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-21

---

1. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан экиден ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдү: шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындашат.

Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан дагы электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына киргизилиши керек. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.

2. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн ушул берененин талаптарына ылайыктыгын тастыктайт жана берилген маалыматтар үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн бергенден кийин дайындалды деп эсептелинет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.

4. Шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;

2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;

31) шайлоо кампаниясынын өткөрүлүшүнө түздөн-түз байланыштуу аткарылган жумуштар, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн документтерге (келишимдерге/макулдашууларга) кол коёт;

4) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;

41. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:

1) талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүү менен байланышкан маселелерди, акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын мыйзамдуулугун эсепке алуу жана контролдоо боюнча, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоо жана тапшыруу боюнча маселелерди чечет;

2) финансылык эсептешүү документтерине жана финансылык отчетторго кол коюуга укуктуу;

3) талапкерге, саясий партияга тиешеси бар финансылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген финансылык маселелер бөлүгүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;

6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5. Талапкер, саясий партия тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, мыйзам укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.

6. Талапкердин, саясий партиянын шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-22)
