# 20-берене. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=969998..969999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 20-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-20

---

1. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;

2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;

3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;

4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;

5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана ал документтер менен материалдардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;

6) шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин анын инсандыгына шайкеш келишин жана ага бюллетендин берилишин текшерүүгө;

7) шайлоо комиссиясынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга.

2. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;

2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;

3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;

5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.

3. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттердин чечими боюнча ар кандай убакта токтолушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.

4. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттерди каттоо жокко чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.

5. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.

6. Катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанылган учурда шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-21)
