19-берене. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Талапкер, саясий партия катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иш орду (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык маалыматтары жөнүндө маалыматтарды берүү менен тиешелүү аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
Документтер добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Талапкердин, саясий партиянын өкүлү жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат системасына киргизилиши керек.
2. Өкүлдүн шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
3. 21 жаш куракка чыккан, активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо комиссияларындагы өкүл болууга укуктуу.
4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз.
5. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.
6. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген ырастама тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан берилет.
7. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштыруучу шайлоо комиссияларындагы өкүл өзүнүн кызматтык милдеттеринин же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.
(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(мындан ары - шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
кошулду: Документтер добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Талапкердин, саясий партиянын өкүлү жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат системасына киргизилиши керек.
2. Өкүлдүн шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктары ал тиешелүү … пайдаланууга укуксуз.
(КР 2016-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 8 , кошулду: 8, 2019-жылдын 8-августундагы алынып салынды: N 117 кошулду: № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-19" title="19-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>