# 18-берене. Талапкерлердин, саясий партиялардын ишенимдүү адамдары

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 18-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-18

---

1. Талапкер, саясий партиялар өзүлөрүнүн өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

2. Ишенимдүү адамдарды каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин тиешелүү шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) талапкердин жазуу жүзүндөгү арызын, саясий партиянын сунуштамасын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызды;

2) ишенимдүү адамдын инсандыгын тастыктоочу документтерди, негизги иштеген жери (кесибинин түрү) жөнүндө маалыматты, туруктуу жашаган жеринин толук дарегин жана байланыш маалыматтарын.

Талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамы жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машинада окула турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат системасына киргизилиши керек. Зарыл болгон документтер берилген учурда, ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.

3. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү ишенимдүү адамдар боло алышпайт.

4. Ишенимдүү адамдар өздөрүнө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.

5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка иштин ар кандай мыйзам менен жол берилген түрлөрүндө жана мыйзамдуу усулдары менен жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;

2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөдө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;

3) шайлоо алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен чогулуштарды өткөрүүдө мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл жардам алууга;

4) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

5) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө, шайлоо участкаларында болууга;

6) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;

7) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.

6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

2) добуш берилүүчү жайда шайлоо бюллетендерин алгандагы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле кабинада, атайын жабдылган жерде же жашыруун добуш берилүүчү бөлмөдө ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

3) эгерде алар мындай жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.

7. Администрация (иш берүүчү) ишенимдүү адамдарга алардын өтүнүчү боюнча ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин эмгек акысын сактабастан өргүү берүүгө милдеттүү.

8. Ишенимдүү адамдарды дайындаган талапкерлер, саясий партиялар бул жөнүндө шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды ар кандай убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарып ишенимдүү адам тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берип, бул жөнүндө өзүн дайындаган талапкерге, саясий партияга маалымдоо менен ар кандай убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.

9. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-171)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-19)
