171-берене. Администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу - талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын мүчөлөрү жана уюштуруучулары тарабынан мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларынын үстүнөн, тигил же бул талапкерди, саясий партияны колдоонун саясий же башка формаларына айланып кетүүчү, бардык талапкерлердин теңдигин бузуучу финансыларды жана аларды бөлүштүрүүнүн үстүнөн контролдоонун натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстардын шайлоодо мыйзамсыз колдонулушу.
2. Администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) баш ийүүдөгү же башка кызматтык көз карандылыкта болгон адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болуучу ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартуу;
2) көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды пайдалануу, эгерде башка талапкерлер бул жайларды ошол эле шарттарда пайдалана албаган учурда;
3) көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүн камсыз кылган телефондук, факсимилдик жана байланыштын, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн, уюштуруу техникасын пайдалануу;
4) көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдалануу;
5) кызматтык иш сапарлардын жүрүшүндө мамлекеттик жарандык кызматчылар же муниципалдык кызматчылар, республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери тарабынан шайлоо алдында үгүт жүргүзүү;
6) шайлоо алдында үгүт жүргүзүү максатында (башка талапкерлерге салыштырмалуу алганда) жалпыга маалымдоо каражаттарын артыкчылыктуу колдонуу;
7) мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруучу массалык (элдик) иш-чараларды өткөрүүдө үгүттөө менен чыгып сүйлөө;
8) шайлоо өнөктүгү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, басылма үгүт материалдарында жасалган иштер жөнүндө отчетторду жарыялоо, талапкердин атынан тийиштүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же администрациялык ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.
Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан юридикалык жактардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө саналып өткөн чектөөлөрдү сактоо кызмат адамдарынын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына тоскоол болбошу керек.
5. Жетекчилер, башкармалыктардын мүчөлөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын уюштуруучулары, журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарын басып чыгарууну ишке ашырган уюмдардын башка чыгармачыл адамдары, эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамдары же ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болсо шайлоо өнөктүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат.
6. Ушул берененин талаптарын бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазыктык же башка жоопкерчиликти тартат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
171-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-171" title="171-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>