# 17-берене. Талапкерлердин статусу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.09.2024 [Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819); 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=14104..17507>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 17-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-17

---

1. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер тең укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.

2. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

2) муниципалдык кызматчы;

3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери;

4) мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.

21. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) мамлекеттик саясий кызматчы;

2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

3) 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери.

3. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.

4. Талапкерлер, же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактык шайлоо комиссиясына талапкерди көрсөткөн күндөн баштап 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, талапкерлердин тизмесин берет.

5. Ушул берененин 9 жана 10-бөлүктөрүндө каралган талапкердин ишинин кепилдиктери ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелеринде каралган тартипте тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.

6. Талапкердин ушул Мыйзамда белгиленген укуктары жана кепилдиктери шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого даттанган учурунда соттун чечими күчүнө киргенге чейин жайылтылат.

7. Катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялаган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоодон чыгып калганда - шайлоодон чыгып калган учурдан баштап талапкердин статусу менен байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаса, кайталап добуш берилбей турган, катталган талапкерлер шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаган күндөн тартып өздөрүнүн статусун жоготот.

8. Талапкер, саясий партия ушул Мыйзамда каралган тартипте шайлоо комиссияларында өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Ушул Мыйзамда каралган учурларда талапкер, саясий партия ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы менен байланышкан өздөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат.

9. Шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакырылбайт.

Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жаппы эмгек стажына эсептелет.

10. Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.

11. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда катталган талапкерлердин тизмесинде чыккан депутаттан кийинки турган адам аймактык шайлоо комиссиясында жергиликтүү кеңештин депутаты болуп катталганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-16)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-171)
