# 16-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышына контролдук кылуу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970001..970002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 16-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-16

---

1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын эсепке алуу жана чыгымдоо жөнүндө маалыматтар жума сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.

2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарына, туура эсептелишине жана пайдаланылышына контролдук кылуу үчүн, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 адамдан кем болбогон контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобун уюштуруунун жана анын ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

3. Контролдук-текшерүү тобуна контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, контролдук-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери кирет. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып суроо-талап боюнча 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү.

4. Тартылган адистер контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги ишинен бошотулат, аларга иши (кызматы), белгиленген кызматтык маянасы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөрү сакталат. Көрсөтүлгөн ишке тартылган адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

5. Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:

1) талапкерлердин, саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;

2) өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан суратат жана алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү финансылоонун, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө тике байланышкан дагы башка иш-чараларын жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиби сакталышын контролдойт;

4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле контролдук-текшерүү тобунун карамагына таандык маселелер боюнча жарандарга кайрылат, шайлоону финансы жактан камсыз кылууга байланышкан, анын ичинде шайлоо фонддоруна кайрымдуулук кылганда же которгондо жарандар жана юридикалык жактар көрсөткөн маалыматтарды текшерүү жөнүндө зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. Контролдук-текшерүү топтун кайрылуусуна жооптор жана ал тарабынан суралган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүүчү күнгө чейин 5 жана ага жетпеген календардык күндөрдүн ичинде жана добуш берилүүчү күнү - дароо берилет;

5) шайлоону финансылоодо финансылык бузуулар жөнүндө документтерди түзөт;

6) талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын тобуна, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда жол берилген бузуулар үчүн жарандарга жана юридикалык жактарга жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына маселелерди коет;

7) эксперттерди текшерүү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик бааны даярдоого тартат.

(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-17)
