# 15-берене. Шайлоо фонддору

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2024 [Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011465); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111964); 21.01.2016 [Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111287); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103#diff=970002..14104>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 15-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-15

---

1. Айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап жарандар, саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзө алышат.

Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга шайлоо фонду түзүлбөгөн учурда, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар кайрымдуулукту жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет. Талапкерлер тизмеси боюнча саясий партиялар тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.

2. Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсебин жүргүзүүнү уланта берет.

(2-абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонду төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;

2) ушул берененин 4-бөлүгүндө саналып өткөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан.

Шайлоо фондунун чек өлчөмү ушул Мыйзам менен аныкталат.

4. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук кылышына тыюу салынат:

1) чет өлкөлүк мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;

2) жарандыгы жок адамдардын;

3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын;

5) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

6) аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

7) укук коргоо органдарынын, соттордун;

8) кайрымдуулук иши менен алектенген уюмдардын;

9) диний уюмдардын;

10) жашыруун кайрымдуулуктар (жашыруун кайрымдуулук кылуучу деп өзүнүн төмөнкү маалыматтарынын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).

5. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар, юридикалык жакты түзбөгөн ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык, жеке жактардын акча каражаттарын кошушуна тыюу салынат. Талапкер, саясий партия көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттары которулган учурда жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.

6. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшүп жаткан акчалай каражаттар шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн эсептелет. Белгиленген өлчөмдөн ашык келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандар менен уюмдарга кайтарып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

7. Кайра добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасы бир жарым эсе көбөйтүлүшү мүмкүн.

8. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.

9. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

10. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

11. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

12. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;

2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:

а) маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;

б) үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;

в) жайлардын, жабдуулардын ижарасына;

г) транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;

д) байланыш кызматтарына;

е) кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;

ж) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;

з) шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга;

и) товарларды жеткирип берүүгө.

13. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке жактарга шайлоого тикелей же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызматтарды, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.

14. Талапкерлерге, саясий партияларга жумуштарга жана тейлөө кызматтарына акы төлөөгө, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.

15. Банк же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде билдирип турууга милдеттүү. Бул маалыматтар түшүшүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен жайгаштырылат.

16. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия тарабынан өздөрүнүн талапкерлерин чакыртып алган, саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин чакыртып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алынып салынган (жокко чыгарылган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды киргизген жарандар менен уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды киргизген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

17. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү иш аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдери (макулдашуулары) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен акы төлөө боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берилүүчү күндүн алдындагы күндөн кечиктирилип түзүлүшү мүмкүн эмес.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат. Талапкердин, саясий партиянын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү бир иштерди аткарганы (кызматтарды көрсөткөнү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөнүүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болбойт.

18. Кайра добуш берүү өткөрүүдө ага карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайра добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.

19. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берет. Ушул Мыйзам менен белгиленген шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга алар өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин кайра кайтарылат.

20. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыгы талапкерге, саясий партияга добуш берүү күнүнөн кийин кайтарып берилет.

21. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулукка жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-16)
