# 14-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4148/edition/969989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203103/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, 14-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-14

---

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Финансылоо тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары жана шайлоо комиссияларынын ишинин тартибин жөнгө салуучу мыйзам менен белгиленет.

2. Чет өлкөлүк мамлекеттер чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, маалыматтык, билим берүүчүлүк, илимий-изилдөөчүлүк программаларды, шайлоону техникалык даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууну кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар тарабынан шайлоону финансылоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203103/st-15)
