# 9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 19.06.2012 [Закон КР от 19 июня 2012 года № 87 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203687)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 9-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-9

---

1. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.

2. Жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.

3. Жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик органдарына жиберилүүчү расмий кайрылуулары аларда коюлган маселелердин маңызы боюнча милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

4. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин мыйзамдуулугуна ченемдик укуктук актыларда белгиленген көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

(КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 87, 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-10)
