# 7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун формалары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 7-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-7

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана тикелей катышуу формаларында жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат. Жергиликтүү жамааттын уставында каралган учурларда, шаардын же айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:

1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;

2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;

3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-8)
