# 65-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""](https://aqlex.ai/kg/doc/203472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096876..1096848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 65-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-65

---

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган шаарлардын мэрлери, райондук маанидеги шаарлардын шаардык башкаруусунун жана поселкалардын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары өздөрү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантышат;

- шаарлардын мэрлеринин, райондук маанидеги шаарлардын шаардык башкаруусунун жана поселкалардын башчыларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын милдетин аткаруучулар ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык шаардын жаңы мэри жана айыл өкмөтүнүн башчылары шайлаганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну уланта беришет;

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат.

2-1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаарлардын мэрлерин шайлоо 2011-жылдын 27-августуна дайындалып, бирок мэрлерди шайлоо болбой калган же болбосо мэрлер шайланбай калган облустук жана райондук маанидеги шаарларда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо болбой калган же болбосо шаарлардын мэрлери шайланбай калган күндөн тартып 4 айдан кечиктирбестен кайра шайлоо дайындайт. Шаарлардын мэрлерин кайра шайлоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.)

- 2009-жылдын 26-январындагы № 27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 27-ст.);

- 2009-жылдын 15-июнундагы № 183 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 557-ст.);

- 2009-жылдын 20-июлундагы № 237 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 747-ст.);

- 2009-жылдын 25-декабрындагы № 317 (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1031-ст.);

- 2010-жылдын 13-январындагы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин Тоо" газетасы, 2010-жылдын 15-январы, № 15 );

- 2010-жылдын 4-мартындагы № 46 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин Тоо" газетасы, 2010-жылдын 12-марты, № 17-18);

4. Кыргыз Республикасынын Президентине эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

1) ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-64)
