# 63-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын милдеттүүлүгү

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 63-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-63

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ишин ушул аймактагы калктын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын курултайларынын, жыйындарынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

3. Өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менчигинин түрлөрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана жарандар үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагына таандык кылынган маселелерди кароого кабыл алууга укуксуз.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [62-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62-2)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-64)
