# 62-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2018 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096870..1096871>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 62-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, белгилүү бир ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле акцияларынын жарымынан көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон акционердик коомдорго өкүлдөп берүүгө укуктуу.

3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.

(КР 2018-жылдын 27-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-61)  
Кийинки берене: [62-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62-1)
