# 62-2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жана аймактык өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуусу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 62-2-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62-2

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка кыйла натыйжалуу жана ыкчам кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат жана аларга белгилүү бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана башка муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуусу төмөнкүлөргө ээ болушу мүмкүн:

1) бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же мамлекеттик органдын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишиминин формасына;

2) биргелешкен финансылык макулдашуулардын формасына;

3) биргелешкен ишканалардын жана башка уюмдардын формасына;

4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка формаларга.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аймактык өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууга укуктуу.

4. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуунун бардык формалары, ошондой эле ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 27-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-62-1)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-63)
