# 59-берене. Жергиликтүү жамааттын курултайлары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 59-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-59

---

1. Коомдук пикирдин кеңири спектрин эсепке алуу жана уюмдун иштеринин эң маанилүү маселелерин чечүүгө калкты катыштыруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлсө болот.

2. Курултайга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, муниципалдык менчикти пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн маселелери алып чыгылса болот. Курултайдын чечимдери тиешелүү жергиликтүү кеңеш үчүн сунуш мүнөзүндө болот жана жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан каралат.

3. Курултайдын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн нормалары, аны өткөрүүнүн жана курултайдын чечимдерин ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-60)
