59-берене. Жергиликтүү жамааттын курултайлары
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Коомдук пикирдин кеңири спектрин эсепке алуу жана уюмдун иштеринин эң маанилүү маселелерин чечүүгө калкты катыштыруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлсө болот.
2. Курултайга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, муниципалдык менчикти пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн маселелери алып чыгылса болот. Курултайдын чечимдери тиешелүү жергиликтүү кеңеш үчүн сунуш мүнөзүндө болот жана жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан каралат.
3. Курултайдын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн нормалары, аны өткөрүүнүн жана курултайдын чечимдерин ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 348 "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коругундусу…Постановление · 25.07.2018 · № 348
- Кемин шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы № 8-12-29 "Кемин шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнун элдик курултайын чакыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.02.2019 · № 8-12-29
- Ак Кудук айылдык кеңешинин 2019 жылдын 15-февралындагы №101/XV-27 "Курултай өткөрүү жөнүндө"токтомуПостановление · 15.02.2019 · № 101/XV-27
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-59" title="59-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>