# 57-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун укуктары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 57-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-57

---

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өзүнүн ыйгарым укуктуу органдары же өкүлдөрү аркылуу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин ишине катышууга;

2) аймакты көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо боюнча ишке катышууга;

3) жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;

4) жарандардын курултайларынын жана жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын уюштурууга.

2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу юридикалык жак катары төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) банк мекемелеринде эсептерди ачууга;

2) тиешелүү жергиликтүү кеңештер жана аткаруу органдары, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде өз ара аракеттенүүгө;

3) өз аймагын көрктөндүрүү, ушул максатка жергиликтүү бюджеттен жана өздүк финансылык ресурстардан каралган каражаттарды пайдалануу менен турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана ремонттоо боюнча жумуштарга буйрутмачы катары чыгууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-58)
