# 55-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 55-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-55

---

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп, жашаган жери боюнча жарандардын айыл аймагынын, шаардын бөлүгүндө жергиликтүү маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу боюнча өзүн-өзү уюштурушу түшүнүлөт.

2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) жана башка Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген формаларында кеңештер жана комитеттер түрүндө ишке ашырылат.

3. Коомдук өз алдынча башкаруу аймагынын чек арасы тургундардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга да укуктуу.

5. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берип турат.

6. Ушул Мыйзамда каралган калктын өз алдынча башкарууну ишке ашырууга катышуусунун ар кандай формалары менен катар эле жарандар Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама каршы келбеген дагы башка формаларда жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-56)
