55-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп, жашаган жери боюнча жарандардын айыл аймагынын, шаардын бөлүгүндө жергиликтүү маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу боюнча өзүн-өзү уюштурушу түшүнүлөт.
2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) жана башка Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген формаларында кеңештер жана комитеттер түрүндө ишке ашырылат.
3. Коомдук өз алдынча башкаруу аймагынын чек арасы тургундардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга да укуктуу.
5. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берип турат.
6. Ушул Мыйзамда каралган калктын өз алдынча башкарууну ишке ашырууга катышуусунун ар кандай формалары менен катар эле жарандар Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама каршы келбеген дагы башка формаларда жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга укугу бар.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
55-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Аламудүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 155-27 (Аламүдүн айыл аймагында кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) токтомуПостановление · 23.03.2020 · № 155-27
- Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 156-27 (Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу)…Постановление · 23.03.2020 · № 156-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 157-27 (Аламүдүн айыл аймагында ЫЭК жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) токтомуПостановление · 23.03.2020 · № 157-27
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-55" title="55-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>