# 54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 54-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-54

---

1. Талапкер кайсы учурда болсо да, бирок добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъект кайсы учурда болсо да добуш берүүгө чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берип, талапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-55)
