# 53-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965); 30.11.2011 [Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""](https://aqlex.ai/kg/doc/203472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 53-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-53

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;

2) ат салышууга макулдугу жөнүндө талапкердин арызы;

3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун (кызматынын түрүн) жана турган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары;

4) ушул Мыйзамдын 42-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ырастоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тиешелүү көчүрмөлөрү

5) талапкер шайлоо комиссиясына берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайт жана көрсөтүү, каттоо, же болбосо шайлоо максатында анык маалыматтарды берүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартиби жана талапкер ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө - чечим, же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субъектиге кабар билдирүүгө милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект кабар алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.

3. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

4. Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз боло алат:

1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүүнүн тартиби сакталбашы;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги;

4) талапкерди көрсөткөн субъекттин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербегендиги.

5. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин эки календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-54)
