# 52-берене. Айыл башчысы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 мая 2016 года № 58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111337)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096865..1096866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 52-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-52

---

1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилсе болот.

2. Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.

3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.

4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган учурда, айыл башчысы кеңеш берүүчү добуш укугу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо катышууга укуктуу.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 14-майындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-53)
