# 51-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 мая 2016 года № 58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111337)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.05.2016 [Закон КР от 14 мая 2016 года № 58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111337); 30.11.2011 [Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""](https://aqlex.ai/kg/doc/203472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096865..1096866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 51-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-51

---

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары конкурстун натыйжалары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп саналат.

4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Айылдык кеңеш ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.

Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.

6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2016-жылдын 14-майындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-52)
