# 5-берене. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 5-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-5

---

1. Жарандар жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө карабастан, түздөн-түз жана өз өкүлдөрү аркылуу дагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.

2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-6)
