5-берене. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жарандар жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө карабастан, түздөн-түз жана өз өкүлдөрү аркылуу дагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.
2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Алай райондук кенешинин 2012-жылдын 1- февралындагы №17/4 "Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимди дайындоого сунуш берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2012 · № 17/4
- Кемин райондук кенешинин (2011-жылдын 3-октябрындагы №72/XIV-25 токтому менен бектилген) РегламентиРегламент · 03.10.2011 · № 72/XIV-25
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-5" title="5-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>