# 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965); 15.02.2018 [Закон КР от 15 февраля 2018 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111754); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749); 30.11.2011 [Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""](https://aqlex.ai/kg/doc/203472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 49-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-49

---

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.

Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелет.

2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи сессиясы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.

Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде:

- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт, талапкерлерди депутаттар жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким көрсөтөт. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде:

- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.

6. Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу. Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт. Тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен, мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;

3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;

4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;

5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;

9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда, мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы ишеним көрсөтпөөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;

10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.

8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан 3 жумушчу күндүн ичинде бошотот.

10. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына же болбосо улук административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган адамга жүктөлөт.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 2018-жылдын 15-февралындагы N 21 , 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-50)
