# 48-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 48-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-48

---

1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-49)
